Изилдөөлөргө ылайык, дүйнө жүзү боюнча минден ашуун тил бар. Эгер жасалма тилдерди кошсок, бул тилдин саны мындан да жогоруу болушу мүмкүн. Жасалма тилдер? Ооба! Жасалма тилдер – адам жараткан тил болуп эсептелет. Популярдуу жасалма тилдердин бири Эсперанто болуп саналат. 1887-жылы бул тил коомчулукка тааныштырылып, учурда дүйнө жүзү боюнча болжол менен 2 млн адам Эсперанто тилинде сүйлөшөт.